• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Италияда пенсия курагы 5 жашка ылдыйлайт

Дүйнө 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Италиянын президенти Сержо Маттарелла пенсиялык реформа тууралуу мыйзамга кол коюп, ага ылайык пенсия курагы ылдыйлайт. Бул тууралуу Ansa агенттиги жазат.

17-январда бул мыйзамды Италиянын Министрлер кеңеши жактырган.

Ал мыйзамдын башкы пунктунда пенсияга чыгуу курагын 5 жашка төмөндөтүү каралган. Учурда Италияда 67 жашта пенсияга чыгышат (2011-жылы экономикалык кризис мезгилинде аны көтөрүшкөн). Италиялыктар 62 жашында пенсияга чыгышы үчүн алардын 38 жыл эмгек тажрыйбасы болушу шарт деп жазат currenttime.tv.

Эми жаңы мыйзамга ылайык, 29 жашка чыга электе жумуш иштеп баштаган жана эмгек ишмердиги узак убакытка үзгүлтүккө учурабаган жарандар пенсияга чыга алышат.

Ошондой эле адамдын жашы канчалык улуу болсо, пенсияга чыгыш үчүн ошончо аз эмгек стажы керек болот: маселен 70 жаштагы адамга 30 жылдык эмгек тажрыйбасы жетиштүү.

Өзгөртүүлөр жеке тармакта иштегендер үчүн апрелден тарта, мамлекеттик түзүмдөрдө эмгектенгендер үчүн август айында күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий