• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Манас» аэропортунан учурда кайсы багыттар боюнча каттамдар аткарылып жаткандыгын айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту 2022-жылдын 26-мартына чейин күзгү-кышкы график менен иштеп жатат.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда каттамдар төмөнкү багыттар боюнча аткарылууда:

Казакстан:

Алматы-Бишкек-Алматы. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, жумасына 12 жолу;

Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү;

Түркстан-Бишкек-Түркстан. «Флай Арыстан» авиакомпаниясы, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү.

Өзбекстан:

Ташкент-Бишкек-Ташкент. «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы, дүйшөмбү, бейшемби, ишемби күндөрү.

Түркия:

Стамбул-Бишкек-Бишкек. «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы, жумасына 17 каттам;

Стамбул-Бишкек-Бишкек. «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы, жумасына 14 каттам;

Анталия-Бишкек-Анталия. «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы, дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү;

Бириккен Араб Эмираттары:

Дубай-Бишкек-Дубай. «Флай Дубай» авиакомпаниясы, күн сайын.

Шарджа-Бишкек-Шарджа. «Эйр Аравия» авиакомпаниясы, жумасына 6 каттам.

Кувейт:

Кувейт-Бишкек-Кувейт. «Аль-Жазира» авиакомпаниясы, шаршемби жана жекшемби.

Монголия:

Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор. «Хунну Эйр» авиакомпаниясы, жекшемби.

Иран:

Мешхед-Бишкек-Мешхед. «Вареш Эйрлайнз», авиакомпаниясы, бейшемби күндөрү.

Россия.

Бишкек-Москва-Бишкек. «Эйр Манас» авиакомпаниясы, шейшемби күндөрү;

Бишкек-Казань-Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, дүйшөмбү күндөрү;

Бишкек-Краснодар-Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, жума күндөрү;

Бишкек-Красноярск-Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, шейшемби күндөрү;

Бишкек-Москва-Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, жумасына 10 каттам;

Бишкек-Новосибирск-Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, шаршемби, жума күндөрү;

Бишкек-Санкт-Петербург-Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, шаршемби, ишемби күндөрү.

Москва-Бишкек-Москва. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, жумасына 6 каттам.

Москва-Бишкек-Москва (Жуковский) «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, шейшемби, бейшемби, жекшемби күндөрү (2022-ж. 15-мартынан - 24-мартына чейин).

Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, шейшемби, ишемби күндөрү.

2022-жылдын 14-мартынан баштап «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва-Бишкек-Москва» багыты боюнча каттамы жандандырылып, күнүнө бир каттам аткарылмакчы (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн).

Ички авиакаттамдар

Бишкек-Ош-Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, күнүнө 3 каттам.

Бишкек-Ош-Бишкек. «Эйр Манас» авиакомпаниясы, жумасына 4 каттам.

Бишкек-Ош-Бишкек. «Тез Жет» авиакомпаниясы, күнүнө 6 каттам.

Бишкек-Баткен-Бишкек. «Тез Жет» авиакомпаниясы, жумасына 1 каттам;

Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек. «Тез Жет» авиакомпаниясы, жумасына 3 каттам;

Бишкек-Исфана-Бишкек. «Тез Жет» авиакомпаниясы, жумасына 1 каттам.

Бишкек-Ош-Бишкек. «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы жумасына 6 каттам.

Пикир

Оставить комментарий