• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Ош шаарларында "Агро-Диалог" агроөнөр жай форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. 26-25-28-февраль күндөрү Бишкек шаарында, 29-фераль жана 1-2-март күндөрү Ош шаарында "Агро-Диалог" аталышындагы республикалык агроөнөр жай форуму өтөт. Форум Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Ведомствонун маалыматына караганда, форумда дыйкан, фермерлер айыл чарба тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, талкуунун жыйынтыгында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралат.

Форум - айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болот.

Анда айыл чарба тармагындагы көрүнүктүү лидерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу менен конференциялар, тематикалык сессиялар өтөт. Ошондой эле Б2Б аянтчасында кызыккан тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дароо келишимдерди түзө алат.

Иш-чарага республиканын бардык облустарынан дыйкандар, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр чогулат.

Иш-чара үч күн үч багытта өтөт:

26-февраль: Мал чарбасын өнүктүрүү:

- Эт тармагын өнүктүрүү жана жаңы рынокторго чыгуу (экспортерлор, кайра иштетүүчү ишканалар, өндүрүүчүлөр);
- Кыргызстанда үй канаттуулар чарбасын өнүктүрүү;
- Заманбап аквакультура жана анын балык чарба комплексиндеги ролу;
- Жүн, тери өндүрүшүн жаңы технологиялар менен өнүктүрүү;
- Аарычылыкты өнүктүрүү;

Аталган темаларда сессиялар уюштурулуп, жыйынтыгында кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлөт.

27-февраль: Дыйканчылыкты өнүктүрүү:

- кант кызылчасынын аянтын көбөйтүү менен тармакты өнүктүрүү;
- жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн рыногунун келечеги;
- картошка тармагын интенсивдүү өнүктүрүү;
- май өсүмдүктөрү тармагын өнүктүрүү;
- кыргызстандын айыл чарбасындагы дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн ролу;
- Жүгөрү өндүрүшүн өнүктүрүү деген темаларда сессиялар уюштурулуп, жыйынтыгында кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлөт.

28-февраль: Багбанчылык жана мөмө-жемиш өстүрүүнү өнүктүрүү:

- мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өнүктүрүү;
- мөмө-жемиштерди өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча ыкма;
- өлкөдө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү темаларда сессиялар уюштурулуп, жыйынтыгында кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий