• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Кийинки отурум 7-октябрда өтөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум башталды. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумдун жүрүшүндө Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов чыгып сүйлөдү. Ал экпертизадан өткөрүлгөн документтерден шек санай тургандыгын жана коэффициент аркылуу баалар кантип аныкталгандыгын түшүнбөй жаткандыгын кошумчалады.

Токтакунов көз карандысыз эксперттерди тартуу менен кайрадан комплекстүү комиссиялык экпертиза жүргүзүү боюнча өтүнүч келтирди.

Өз кезегинде прокурор эксперттер Асанов менен Хафизов сурак бермейинче бул маселени ачык калтырууну сурады.

Сот келтирилген өтүнүчтү ачык калтырды. Кийинки отуруп 7-октябрга дайындалды.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий