• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Шаардык сот айыпталуучуларды 12-декабрга чейин камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясы бүгүн Свердлов райондук сотунун айыпталуучулардын баш коргоо чарасын 2019 –жылдын 12-декабрына чейин камакта калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырылды.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жактоочулар Жумашев, Тейишева, Эшперов, Манукьян, Асакеев, Жоошевдин апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Соттук отурум Свердлов райондук сотунда уланат.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий