• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда кечээ Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча соттук отурум өттү.

Айыпталуучулардын жактоочулары кээ бир айыпкерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышкан.

Соттук отурумда төрагалык кылган судья Инара Гилязетдинова кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, жактоочулардын суранычы канааттандыруусуз калтырылгандыгын билдирген.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий