• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: Аламүдүн базарынан 11,7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарынын аймагынан тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты.

Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 миң 733 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштер өлкөнүн бардык аймагында үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий