• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: «Азаттыктын» иликтөөсүнө катыштыгы бар адамдар суракка чакырылат

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. «Азаттыктын» иликтөөсүнө катыштыгы бар адамдардын бардыгы суракка чакырылат. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесинин 1-бөлүгү (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.

УКМКдан билдиришкендей, иликтөө иштери ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында тиешелүү баардык тергөө иштери жүрүп жатат.

«2019-жылдын 2-декабрында «Азаттык радиосунун» журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов чакырылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары А.Сулайманов, Д.Төрөкулов, экс-депутат Ш.Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Ф.Ниязов, М.Абулгазиев, Т.Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы», - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырабыз, ошондой эле КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз, - деп кошумчалашты УКМКдан.

Пикир

Оставить комментарий