• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Удовиченко: Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон тарта өзүнүн экономикасын турукташтыра алды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуунун алкагында өзүнүн экономикасын турукташтыра алды. Бул тууралуу "Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикте: жыйынтыктар, тажрыйба жана келечек" аталышындагы конференцияда Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан тышкы соода жүгүртүүдө байланыштарын кыйла жакшырта алды. Ага экспорттун жогорулашы күбө боло алат.

"ЕАЭБди түзүүдө пайда болгон механизмдерге байланыштуу Кыргызстанда өндүрүштүк база калыбына келе баштады. Кумшекер ишканалары иштеп баштап, текстиль жана башка бир катар тармактарда жаңы өндүрүштөр ишке кирди", - дейт элчи Удовиченко.

Ал кошумчалагандай, КРнын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында чек араларды жакшыртуу жүрүүдө, андан тышкары, ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар жабдылды.

"ЕАЭБ жөнөкөй жарандарга эмне берүүдө? Алгач, эмгек мигранттары үчүн бирдей шарттардын түзүлүшү жана пенсия маселеси", - деп кошумчалады элчи.

Пикир

Оставить комментарий