• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жылуулук электр борборунун 60 жылдык мааракеси белгиленди

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун 60 жылдык мааракеси белгиленди.

Бишкек шаарынын мэриясы борбордун кызматкерлерин маараке менен куттуктап, аларга сыйлыктарды тапшырды.

Ыраазычылык каттарды жана Ардак грамоталарды Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков тапшырды.

Шаардык муниципалитет ЖЭБдин кызматкерлерин мааракеси менен куттуктайт жана ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий