• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекке Кореядан жана Вьетнамдан Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнь күнү Бишкекке Кореядан жана Вьетнамдан Кыргызстандын 42 жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар «T-way» авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча чартердик рейси менен учуп келишти. Бул рейс Кыргызстандын жарандарын Корея Республикасынан жана Кореянын, Япониянын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын Кыргызстандан алып кетүү үчүн Корея тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулулган.

Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

"Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий