• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекке Москва жана Минсктен коронавирусту аныктоочу тесттердин реагент жана компоненттери алынып келди

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Бишкекке Москва жана Минсктен коронавирусту аныктоочу тесттердин реагент жана компоненттери алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Россия Кыргызстанга 5 миң ПЧР-тестти реагенттери менен акысыз берген. Бул жардам эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жетишилген макулдашуунун алкагында берилген.

Андан тышкары, бүгүн Бишкекке Кыргызстандын Беларустагы жана Россиядагы элчиликтеринин көмөгү менен Кыргызстан Беларустан сатып алган коронавирусту аныктоочу ПЧР-тесттердин 100 таңгактагы реагент жана компоненттери алынып келген. Ошондой эле Беларустун өндүрүүчүсү акысыз түрдө 5 таңгак даяр тесттерди берген.

Бул тест-системалар бүгүн, 6-апрель күнү Кыргызстанга «Екатеринбург-Бишкек» чартердик каттамы менен алынып келди. Тест-системалар КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.

Кыргыз тарап көмөк көрсөткөндүгү үчүн Россия Федерациясынын КРдагы элчилигине жана «Урал аба жолдору» авиакомпаниясына ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий