• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 11 жашар Дуран Азра дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 20.04.18. /Кабар/. Октябрь райондук ИИБ дайынсыз жоголгон 2007-жылы туулган Дуран Азра Сулеймановна изделүүдө. Ал 19-апрелде “Көк-Жар” кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Белгилери: бою 130-134 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийинине чейин, кара.

Кийимдери: ачык күлгүн күрмө, кара шым, кара түстөгү ботинка.

Дуран Азранын кайда экенин билгендер болсо, Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(554) 102-147; (705) 211-288; 0559 102-275; 0554 102-736; же «102» кызматына.

Пикир

Оставить комментарий