• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 19 жаштагы кыз унааны айдай качкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Бишкекте унаа айдап качууга шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-майда болжол менен саат түнкү 01:30 чамасында Чүй көчөсүндө жайгашкан "Глобус" соода борборунун жанында токтоп турган “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качкан.

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук милициясына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий