• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте футбол боюнча «Мурас» достук мелдеши уланууда — сүрөт

Президент 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда, президент Садыр Жапаров башында турган КР президентинин администрациясынын командасы катышып жаткан «Мурас» достук футбол турнири уланууда.

Спорттук иш-чарага 12 команда катышууда.

Чүчу кулак жыйынтыгы боюнча алар төрт тайпага бөлүнгөн:

• А тайпасы: «Президенттин администрациясы», «Ден соолук», «Жогорку Кеңеш»;
• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман;
• С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;
• D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».

Бүгүн, 4-майда, тайпадагы жана чейрек финалдык оюндар өтүүдө. 5-майда жарым финал, үчүнчү орунга беттеш жана финал болот.

Иш-чара Кыргыз футбол бирлиги жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий