• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды — фоторепортаж

Президент 0


Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-сентябрда, өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.

Күндүн биринчи жарымында Кыргызстандын мамлекетине жана элине сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасына ээ болгондорго— мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Суеркуловго, академик жана хирург Иса Ахунбаевге сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары, салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө татыктуу салымын кошуп жаткан дарыгерлер, педагогдор, жазуучулар, инженерлер, жаңы заманбап тармактардын адистери жана башкалар катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу Кыргызстандын соңку тарыхында жакындарынын, тар чөйрөсүнүн гана камын жебей, өлкөм деп иштеген мекенчил инсандарыбыз мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн ар кыл тармактарда өзгөчө эмгек сиңирип, Ата Журтка берилүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий