• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы 2% төмөндөдү – статистика

Экономика 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата 394,8 миң гектар аянттан дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) жыйналды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 2 пайызга аз.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, мында алгачкы кабыл алынган салмакта 726 миң тоннага жакын дан жыйналды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө караганда 33 пайызга аз. Эгиндин көлөмүнүн азайышы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 32 пайызга төмөндөшү менен шартталган.

Жалпы республика боюнча дан эгиндердин чаап-жыйноо аянты жыйнала турган аянтына карата 68% жакын болуп түзүлдү, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында – 81%, Баткен облусунда – 73% жана Ош облусунда – 70% түздү.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогору температуранын кесепетинен вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 29,7 пайызга, арпанын жыйымы – 43,6 пайызга кыскарды.

Жаздагы температуранын өзгөрүшү дан буурчак жана май өсүмдүктөрүнө таасирин тийгизген. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата 2,8 миң гектар аянтан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 19 пайызга аз, ал эми май өсүмдүктөрү 4,8 миң гектар аянттан жыйналды, же 12 пайызга аз.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу картошканын дүң жыйымынын 8,1 пайызга, жашылча өсүмдүктөрү 3,8 паызга жана бакча өсүмдүктөрү 1,7 пайызга олуттуу көбөйүшү белгиленди, бул 2023-жылы чаап-жыйноо аянтынын көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий