• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы транспорт салыгы боюнча маалыматтык эсепти жокко чыгарды

Экономика 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. КРнын 2023-жылдын 3-апрелиндеги мыйзамына ылайык, жарандар жана мекемелер транспорт каражатына салык боюнча маалыматтык эсепти берүү милдетинен бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Эми салык органдары транспорттун мамлекеттик каттоосунун маалыматтарына ылайык салыктын суммасын өз алдынча эсептешет.

Ошол эле учурда, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же баланстык наркы жок транспорт каражатынын ээлери салык мыйзамдарына ылайык маалыматтык эсепти беришет.

Ошондой эле, маалыматтык эсепти мурдагыдай эле турак же турак эмес жайлардын, айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин ээлери тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий