• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 24-августта мугалимдердин август конференциясы онлайн форматта өтөт

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 24-августта мугалимдердин август конференциясы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, учурдагы кырдаалга байланыштуу педагог ишмерлеринин август конференциясы быйыл онлайн форматта өткөрүлмөкчү.

"Быйылкы конференциянын темасы "Билим берүүнү санариптештирүү - өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы баскычтары" деп аталат. Биз мугалимдер менен билим берүү процессин уюштуруунун жана сапаттуу билим берүүнүн жаңы формаларын талкуулайбыз. Ошондой эле 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарабыз жана өнүгүүнүн келечегин карайбыз. Конференцияны мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева алып барат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий