• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 40 мектеп карантинге жабылды

Билим 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Бишкекте 40 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун өсүшүнө байланыштуу борбор калаада 32 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. 14-декабрдан тарта онлайн окутууга өткөн 8 мектепти эске алганда, борбордо жалпысынан 40 мектептин окуучулары үйдөн билим алат.

Алсак, Октябрь району боюнча: №14,17, 34, 56, 62, 63, 71, 88, 73, 98.

Свердлов району боюнча: №11,16, 21, 30, 33, 35, 10, 66, 89, 27, 75, 83 жана №5 А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи.

Ленин району боюнча: №2, 8, 22, 47, 57, 74, 79, 80, 97 мектептер онлайн окутууга өттү.

Буга чейин 8 – №6, 60, 28, 54, 59, 72, 95, 103 мектептер карантинге жабылганы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий