• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 600дөн ашык жарнама демонтаждалды

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Бишкекте уруксат берилбеген жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддердин алкагында 600дөн ашык жарнама демонтаждалды.

Алсак, Биринчи май районунун аймагындагы Киев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 37 жарнама конструкциясы, ошондой эле 51 баннер демонтаждалган.

Свердлов районунда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкелери тазаланды. Жалпысынан 382 жарнама конструкциясы алынган.

Ленин районунда Ахунбаев көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө 160 жарнама конструкциялары алынды.

Октябрь району да уруксатсыз жарнама түзүмдөрүнөн тазаланды. Жалпысынан 26 жарнамалык конструкция жана 65 баннер демонтаждалган.

Пикир

Оставить комментарий