• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ачык асман алдында музыкалык кече өттү

Маданият 0

Бишкек, 25.09.17 /Кабар/. Бишкектеги “Манас” кинотеатрындагы аянтчада шаардыктар жана меймандар үчүн “Ачык асман алдындагы музыкалык кече” шаардык долбоорунун кезектеги концерти тартууланды. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынан билдиришти.

Муниципалдык администрациянын башчысы Нурдин Тынаев бул музыкалык кече КР Президентинин 2017-жылды “Адеп, ыйман жана маданият жылы” катары белгилөө жөнүндө Жарлыгынын негизинде өтүп жатканын белгиледи. Ал райондун тургундарына жана шаар конокторун жакшы маанай, бакубат жашоо, ийгилик, ынтымак каалап өттү.

Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер калаанын жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Концерттик программада Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын Эл аспаптар оркестри жана кыргыз эстрадасынын артисттери катышты.

Иш чара Ленин районунда сентябрдын этегине чейин өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, жайында Октябрь жана Свердлов райондорунда музыкалык кечелер өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий