• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте аял киши милиция кызматкерлерине кол көтөргөн — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бишкекте аял киши милиция кызматкерлерине кол көтөргөнүн Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 8-февралда саат 15:20лар чамасында "102" кызматынан Asia Mall соода борборунун жанында белгисиз аял ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Болжол менен жашы 30-35 чамасындагы аял ызы-чуу салып, кайгуул кызматкерлерине да баш ийбей, аларга кол көтөргөн.

Аял киши кайгуул кызматкерлери тарабынан Ленин райондук милициясына жеткирилген. Аялдын жанында өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгон жана ал өзүн туура эмес алып жүргөн.

Буга байланыштуу аял Республикалык психикалык ден соолук борборунун кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий