• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте окуу жайлардын кызматкерлери арасында “Ден соолук” спартакиадасы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бишкекте жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын кызматкерлери арасында “Ден соолук” спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 14-28-февралда өтө турган спартакиада билим берүү тармагында иштеген адамдар арасында дене тарбия жана спортту өнүктүү максатында өткөрүлөт.

Спартакиадага төмөнкү спорттун түрлөрү киргизилген:

• Кичи футбол;

• Стритбол;

• Тогуз коргоол;

• Стол үстүндөгү теннис;

• Волейбол;

• Шахмат;

• Ордо.

Пикир

Оставить комментарий