• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте аялдын телефонун күч менен тартып алган УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Бишкекте талап-тоноого шектелген, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, белгисиз адам күч колдонуп, борбор калаанын тургунун коркутуп 20 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алган. Окуя ушул жылдын июлунда болгон.

Маалым болгондой, белгисиз адам андан кийин телефонду күрөөканага күрөөгө койгон.

Жабырлануучу милицияга үстүбүздөгү жылдын ноябрында гана жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттер боюнча чара көрүүнү өтүнүп кайрылган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмү "Тоноо" менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делген жаран 2023-жылдын 7-декабрында кармалган. Ал Нарын облусунун 1983-жылы туулган С.К. аттуу жараны.

Алынган маалыматтарга караганда, кармалган жаран кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманып, мурда бир нече жолу соттолгон, анын ичинде оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тураары аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий