• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Айгүл гүлү гүлдөдү (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Гүл жана жасалга өсүмдүктөр лабораториясында Айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактан билдиришти.

Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Он экинчи апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага гана созулат.

Белгилей кетсек, "Айгүл-Таш" мамлекеттик коругунун аянты 253,9 гектарды түзөт. Ал жерде аты аталган, дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү өсөт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийинчерээк 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий