• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Фестивалдын жабылыш аземине мданият министри Алтынбек Максүтов катышып, сыйлык ээлерин куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырды.

Министр өз сөзүндө алтынчы ирет өтүп жаткан фестивалдын максаты ынтымакты, достукту бекемдөө, искусствону жайылтып өнүктүрүү экенин баса белгилеп, кыргыздын сыймыктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү экенин белгилеп, бардык катышуучуларды ийгиликтери менен куттуктады.

Андан соң катышуучуларга фестивалдын атайын сыйлыктары жана грамоталары тапшырылды.

Фестивалдын жыйынтыгы тууралуу шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий