• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мектеп окуучуларына арналган "Манас" романы жарыкка чыкты

Маданият 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Бишкекте мектеп окуучуларына арналган "Манас" романынын эки томдугу жарыкка чыкканын анын автору Толгонбай Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, роман 8-9-класста окуган мектеп окуучуларына арналган. Китепте баатырдын жашоосу, эрдиктери, төрөлүшү, өсүшү жана элине кызмат кылганы жөнүндө кара сөз менен жазылган.

"Романдын биринчи томунда Манастын төрөлүшүнөн Ала-Тоого келгенине чейин айтылат. Экинчи тому Каныкейге үйлөнгөнү менен аяктайт. Баарын бир романга батыруу мүмкүн эмес. Менин баамымда дагы 7-8 китеп чыгат. Эгер биз улуу эпосубузду дүйнө эли билсин десек, анда китептерди басып чыгарып, аны жайылтуу жана орус тилине которуу керектелет. Учурда үчүнчү томун жазып жаткан чагым жана экинчи томун которуп жатам", - дейт Жолдошев.

Анын пикиринде, киного "Манас" эпосу тууралуу сценарий жазып, каржылык жардам көрсөтүү үчүн бийликке кайрылган.

Роман жарыялануудан мурун жазуучулар, тарыхчылар, манас таануучулар тарабынан текшерилип жактырылган. Ошондой эле, мектеп программасына киргизүүнүн үстүндө иштелип жатканын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий