• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КР Эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Күн мурун Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, II даражадагы "Манас" орденинин ээси, белгилүү драматург, КР Гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов, Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов, акын- жазуучулар, интеллигенция өкүлдөрү жана Жалил Садыковдун жакындары катышты.

Кайрат Иманалиев өз сөзүндө Жалил Садыков өмүрүнүн аягына чейин кыргыз адабиятына, анын ичинде поэзия, драматургия жанрында өзгөчө чыгармаларды жаратуу менен тарыхта калганын, анын чыгармалары түбөлүктүү экендигин баса белгиледи.

Ал эми мамлекеттик катчы кыргыздын нукура идеологиясы Жалил Садыков жазган эпикалык драмаларда, анын көөнөрбөс чыгармаларында экендигин баса белгилесе, Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей”, эпикалык драмасы учурунда кыргыз драма театрынын сахнасында зор ийгилик менен коюлганын эскерди.

Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов Жалил Садыковдун кадыр-баркы, чыгармачылыгы коңшу казак элинин арасында да жогору болгондугуна токтолду.

Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков Жалил Садыков Жазуучулар союзунун төрагасы болуп турган учурунда бир топ маанилүү иштерди аткаргандыгын белгиледи.

Салтанаттуу кечеде акындын калемине таандык ырлар көркөм окулуп, ырдалып, “Төлгө” спектаклинен үзүндү тартууланды. Ошондой эле Жалил Садыковдун чыгармачылыгы жөнүндө тартылган тасма көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий