• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталында ”2022-жазгы фестивалы” болуп өттү

Маданият 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5-мартында Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталында Сауд Аравия Падышалыгындагы Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн элчиликтери биргелешип уюштурган ”2022-жазгы фестивалы” болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Фестиваль жаз майрамы – Ноорузга арналып, жыл сайын Сауд Аравиядагы түрк тилдүү мамлекеттердин элчиликтери тарабынан жергиликтүү аудиторияны, дипломатиялык шаарчанын тургундарын жана чет элдик дипломаттарды Борбордук Азия, Түркия жана Азербайжан элдеринин бай тарыхы, маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары менен тааныштыруу максатында өткөрүлөт.

Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Марипов, ошондой эле Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын элчилери фестивалга келгендердин алдында куттуктоо сөздөрүн айтып, Нооруз майрамынын тарыхы, ошондой эле өз элдеринин ушул жазгы күндү белгилөө салттары жөнүндө айтып беришти.

Коноктор жана катышуучулар үчүн салттуу кийимдер, колго жасалган сувенирлер, зергер буюмдар жана сүрөттөр менен жабдылган стенддер, ошондой эле улуттук сыйлуу тамак-аштар тартууланды.

Фестиваль өткөн жерде Кыргызстандын элчилиги тарабынан курулган кыргыздын улуттук боз үйү коноктордун жана катышуучулардын өзгөчө көңүлүн буруп кызыгуусун жаратты.

Пикир

Оставить комментарий