• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча биринчи жолу тегерек стол өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде "Кыргыз Республикасында айыл чарба камсыздандырууну өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо" тегерек столу өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык,. тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасындагы айыл чарба камсыздандыруу концепциясын жана "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулашат.

"Тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулоо жана аны Кыргызстанда жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу абдан маанилүү. Дүйнөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан айыл чарбасын эске алуу менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн коргоо үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек ”, - деген айыл чарба министринин милдетин аткаруу Тилек Токтогазиев.

Бардык кызыкдар тараптар Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди чечүүнүн эң компромисттик жолдорун талкуулоого катышууга чакырылат.

0(502) 403969 телефону же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу катышууңузду тастыктай аласыз.

Пикир

Оставить комментарий