• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте академик Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Коом 0

Бишкек, 28.09.17. /Роман Гайнанов - Кабар/. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада КР Баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгына арналган "Улутубуздун улукманы" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.

"Көргөзмө төрт бөлүктөн турат: “Ким элем, ким болдум?”, “Хирургиянын патриархы”, “Замандаштар жана ой толгоолор”, “Устаттын шакирттери”.

Көргөзмөгө академик М.Мамакеев тууралуу гезит жана журналдарга чыккан макалалар жана сүрөт документтер коюлган.

Хирург Мамбет Мамакеев — өзүнүн эмгек жолун 1952-жылы баштаган. Ал 200гө жакын илимий иштердин автору, алардын 9у монография. 2004-жылы ага "КРнын баатыры" деген наам ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий