• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ар бир райондо түнкү стационар ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Бишкекте ар бир райондо түнкү стационар ачуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7 кичирайондогу “ДСК” спорткомплексинде (97 орун) жана “Консул” ресторанында стационар уюштурулууда. Ишкерлер стационар үчүн имараттарын акысыз негизде беришкен.

“Орундар даярдалды. Тамчылатма дары үчүн штативдер даярдалып, медициналык кызматкерлерди ишке алуу, алардын жашаган жерин, тамак-ашын уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда шаарда күндүзгү стационарлар эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий