• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте коммуналдык кызматтар үчүн лизингге техника сатып алуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Бишкек мэриясында коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды алып келүү боюнча меморандумга салтанаттуу кол коюу аземи болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, меморандумга Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосунда кол коюлду.

Мэриядан белгилешкендей, жалпысынан турак жай-коммуналдык чарба тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн 30га жакын атайын техниканы лизингге сатып алуу пландалууда.

"Жаңы техникалар «Бишкекжарык», «Тазалык», «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын ишинде колдонулары күтүлүүдө. Булар автомунара, кран-манипулятор, бургулоочу орнотуучу, таштанды чыгаруу унаа, бириктирилген сугаруучу унаа жана башкалар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий