• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бөтөлкөлөшүн бачыктаган кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бишкекте Күзөт кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бөтөлкөлөшүн бычактаган кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда саат 23:45 чамасында "102" кызматына 30 жаштагы П.А. аттуу жаран бычактан жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Факт боюнча материалдар Свердлов РИИБге катталып, күзөт кызматкерлери дарекке келишкенде бычак жеген П.А. тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүлгөнү такталган.

Кийин кылмышка шектүү 1999-жылы туулган С.М. аттуу жаран экени жана окуя спирт ичимдигин ичүүдөн улам ортодо пикир келишпестиктен чыкканы аныкталган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий