• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Токтогулда милиция баӊгизат сатып жүргөн 28 жаштагы жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Токтогулда милиция баӊгизатын сатып жүргөн 28 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытында алдын алуу иш-аракеттери учурунда 23-ноябрда Токтогул районунун аймагында түнкү саат 22:00 чамаларында Токтогул районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.К.ны текшерген учурда кийип турган курткасынын оң жана сол чөнтөктөрүнөн төрт бурчтук формадагы кара-күрөң түстөгү баӊгизатка окшош зат табылган.

Бул окуя Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар, так салмагы 270 грамм гашиш баӊгизаты экендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий