• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 30. 04.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү салтанаттуу белгиленди. Бул жылы китеп күнү “Китеп окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан” аттуу урааны алдында өтүүдө.

Баардык келген коноктор жана жаш китеп сүйүүчүлөрү үчүн концерттик программа тартууланып, ал эми “Китеп искусствосу” улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүнө байгелер жана баалуу белектер тапшырылды. Китепкананын ичинде балдар үчүн бир нече бөлүмдөр түзүлүп, көрүүлөр, театрлаштырылган оюндар жана башка интеллектуалдык иш-чаралар уюштурулган. Андан тышкары, инженерия, физика, искусство жаатында ар түрдүү долбоорлор менен таанышып, компьютердик программалоо, компьютердик модель түзүү жана башка программалар менен таанышуу максатында Steam Caravan бурчу түзүлгөн.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айтымында, китеп окуу маданияты ар бир адамдын жашоосуна тыгыз кириши керек. Ар бир адам үчүн китеп окуу адатка айланышы абзел. “Анткени китеп аркылуу гана биз билим, жаңы ойлор, руханий баалуулуктарга, сулуулук, чыгармалык жетишкендиктерди жете алабыз. Бүгүнкү күндө маалымат – бул билим жана чыгармачылыктын өзөгү. Китеп ар бир улутка өзүнүн эли, тарыхы, маданияты, салттары жана урп-адаттары тууралуу айтып берүү үчүн мүмкүнчүлүк түзөт”, - деди ал.

Китепкананын директору Роза Султангазиева билдиргендей, бүгүн китеп күнүнө арналган чоң майрам өтүүдө. “Бул майрамды биз 10 жылдан бери белгилеп келебиз. Иш-чаранын негизги максаты – балдарды китеп окууга, адабиятка жана китепканага чакыруу. Балдар китепканага бир гана китеп окуу үчүн эмес, бош убакытын пайдалуу өткөрүү үчүн келүүсү боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө китепканага китеп окугандан тышкары, ойногонго, башка балдар менен таанышып, алар менен достошууга, баарлашууга да колдонулушу керек. Ошондой эле биздин китепканада робот техника тартууланган Steam Caravan аттуу бурч уюштурулган. Анткени азыркы балдарга ушул техникалар абдан кызыктуу”, - деп бөлүштү ал.

Китепкананын жетекчиси баса белгилеп кеткендей, бүгүнкү иш-чарада санариптешүүгө өзгөчө басым жасалган. “Биз биздин балдар техникалык жактан билимдүү болуусун каалайбыз. Азыр маалымат жана компьютерлешүү ааламы, ошондуктан биздин балдар заманга жараша өсүүлөрү керек”, - дейт Р.Султангазиева.

Ал эми USAID КРдагы миссиясынын директору Гэри Линден адамзаттын маданий мурасын байытуунун эң маанилүү жардамчысы, деди. Ошондуктан балдарга жаштайынан китепке болгон сүйүүнү арттыруу керек, дейт ал.

Иш-чаранын алкагында китепканада китеп жарманкеси жана кол өнөрлөр көргөзмөсү уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий