• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бала бакчага электрондук кезекте 6260 бала турат

Коом 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Бишкектин 6260 кенже тургуну учурда бала бакчага электрондук кезекте турушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрилигинен билдиришти.

Электрондук кезек “Таза коом” санариптик программасынын милдеттерин ишке ашыруунун алкагында киргизилген. Учурда кезекке буга чейин кагаз түрүндө кайрылгандардын өтүнмөлөрү киргизилген.

Электрондук кезек киргизилген бир айдын ичинде www.balabakcha.edu.gov.kg сайтына 1746 балага өтүнмө түшкөн. Орто эсеп менен күнүнө 70тен 100гө чейин кайрылуу түшөт.

Министрлик тарабынан калкты техникалык колдоо уюштурулган. Телефон аркылуу электрондук кезекти толтуруу боюнча адистен кеңеш алууга болот.

Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана бала бакчалардын кызматкерлери бул багытта окутулган.

Министрликтен электрондук маалымат базасы бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупциялык схемаларды алдын алууга багытталганын такташты. Баланын кезек боюнча жылышын туулгандыгы тууралуу күбөлүк же Бирдиктүү реестрдеги каттоо номери боюнча текшерүүгө болот. Бала бакчаларда бош орундар болгондо, система аларды бөлүштүрүп, кезектеги ата-энелерге билдирүү жөнөтөт.

Учурда бул система Бишкекте иштеп жатат. Электрондук кезек системасына калаанын 85 бала бакчасынын 72си киргизилген (калгандары адистештирилген).

Пикир

Оставить комментарий