• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Беловодск айылындагы чыр: Күйөөсүн ашкана бычагы менен сайып өлтүргөн аял кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Чүй облусунун Беловодск айылында үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан аялы күйөөсүнө бычак сайган. Натыйжада күйөөсү алган жаракаттан улам каза болгон,-деп билдирет облус ИИБнин басма сөз кызматы.

Окуя тууралуу билдирүү 14-апрелде болжол менен саат 19:30да түшкөн. Жерине келген милиция кызматкерлери 36 жаштагы Х.А., аттуу жарандын сөөгүн табышкан.

Тергөөчүлөр аныкташкандай, үй-бүлөлүк чыр-чатактын жүрүшүндө маркумдун аялы ашкана бычагы менен күйөөсүн сайган. Жабырлануучу оор жаракат алып, окуя болгон жерден көз жумган.

Аталган факты боюнча “Адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоо жайына киризилген. Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий