• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүн районундагы эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт толук өчүрүлдү, жабыркагандар жок

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Күн мурун, 12-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районунда эмерек жасоочу цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тилсиз жоо 12-февраль күнү саат 18:13 чамасында Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан эмерек жасоочу цехтен чыккан.

Өрттүн кесепетинен цехтин болжол менен 800 чарчы метр аянты күйгөн. Каза болгон жана жабыркаган адамдар жок.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 19:15те чектөөгө алынып, саат 00:10до толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий