• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгы катталып, 3 жүргүнчү унаанын терезесинен ыргып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Бишкекте Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Мерседес Спринтер" жана "Хюндай-Соната" унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык бүгүн саат 12:24тө катталган.

Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жабыркады, анын ичинде терезеден ыргып кеткен №135 маршрутканын 3 жүргүнчүсү жана жеңил унаанын айдоочусу бар.

Учурду окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий