• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орок конушунда ФАПты оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Бишкектин Орок конушунда фельдшердик-акушердик пунктту оңдоо иштери уланууда.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев мекеменин абалы менен таанышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө подряддык уюмдун директору жана Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөлү район башчысына Орок конушундагы ФАПта аткарылган оңдоо иштери тууралуу маалымат беришти.

Жыйынтыгында район башчысы тиешелүү кызматтарга имараттын фасадын оңдоо жана көрктөндүрүү иштерин бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Бүгүнкү күндө ФАПтын имаратынын ички жасалгалоо иштери бүткөрүлдү. Орок конушунда 1200дөн ашык адам жашайт, анын ичинен 1 жашка чейинки балдар – 20, 0 жаштан 14 жашка чейинкилер – 305.

Пикир

Оставить комментарий