• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын муфтийи Ош шаарынын мэри Сарыбашов менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен жолукту.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Ош шаарынын мэри Замир кары Ракиевди жаңы кызмат орду менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Ош облусунун казысы Саидамир ажы Жейналиев жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Арзыкулов Махманаби жана Өзбекстан Республикасынан Ташкент шаарынын казысы Нуриддин ажы Халикназаров катышты.

Жыйын алкагында учурдагы диний кырдаал талкууга алынып, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаңыдан кызматка киришкен муфтийдин мындан ишине ийгилик каалап, белегин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий