• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Крандан кулап түшкөн жүк Токтогул ГЭСинин кызматкерин басып калып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Токтогул ГЭСинин кызматкерин көп тонналуу жүк басып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-мартта саат 14:40та Кара-Көл шаарынын Жээн-Кыштоо тилкесинде Токтогул ГЭС каскадынын "Гидроспецстрой" кампасында автокранда жүк менен иштөөдө тросстордун бири үзүлүп кеткен. Натыйжада болжол менен 7,5 тонна салмактагы темир Токтогул ГЭСинин жумушчусу 36 жаштагы Ж.М.ны басып, ал кырсык болгон жерде каза болгон.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүлүп, схемалар чийилип, фото-таблицалар түзүлгөн жана топтолгон материал Кара-Көл шаардык милициясына маалымат эсептөө журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Ошондой эле учурда Кара-Көл ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуя боюнча тийиштүү адамдар суралууда.

Пикир

Оставить комментарий