• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус табылып, 16 бейтап илдеттен сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 24-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 16 адам илдеттен сакайып чыкты, илдеттен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 63 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 847 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 129 киши айыгып чыкса, 2 миң 982 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий