• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте президенттик жаңы жылдык балаты өттү — сыйкырдуу салтанаттан фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык концертке катышты.

Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызмат учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келишкен.

Жаңы жылдык оюн-зоок башталар алдында мамлекет башчысы менен биринчи айымды фойеде тосуп алган бөбөктөр жаратылышты коргоого арналган балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү тууралуу айтып беришти.

Балдар үчүн бий ийримдеринин окуучулары тарабынан даярдалган «Кереметтүү жаңы жыл» аттуу театрлаштырылган музыкалык жаңы жылдык спектакли уюштурулган. Жаш көрүүчүлөргө жаратылыш темасында оюн тартууланды.

Эске сала кетсек, былтыркы жаңы жылдык спектакль илимге жана жаңы технологияларга арналган.

Андан соң Садыр Жапаров салтанаттын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан Жаңы жылда зор ийгиликтерди, көксөгөн тилектери орундалышын, өздөрүнө болгон ишенимди, кызыктуу идеяларды жана жеңиштерди каалады.

Мамлекет башчысынын сөзүнөн кийин эки мектеп окуучусу Садыр Жапаровго эстелик белек – кийиз панно тапшырышты.

Соңунда балдарга Кыргыз Республикасынын президентинин атынан белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий