• 88.68
  • 95
  • 0.95

Иманалиев аймактарда мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев аптанын аягында Чүй, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы курулуп жаткан мектеп жана бала бакчалардын имараттарынын абалы менен таанышып, жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, министр бүгүн алыскы Тогуз-Торо районунундагы Казарман айылында жагашкан № 13 М. Жаңыбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде болду. Мектеп 1978-жылы стандарттка ылайык эмес, жыгач тирөөчтөр менен курулган. Алгач 90 окуучулук орунга эсептелген мектепте, учурда 238 окуучу билим алып жатышат. Мектеп эки сменде билим алышат. Мектептин директору Сүйөркүл Молдалиев жыл сайын окуучулардын саны 20-25 окуучуга көбөйүп жатканын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2015 жана 2019-жылдары бул мектепти авариялык абалда деп акт чыгарып, балдардын окуусуна өтө кооптуу деп табылган. Анткени, дубалдары ным тартып, пайдубалы чөгүп баштаган.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев райондук билим берүү башкармалыгына авариялык абалдагы мектептин курулушун тездетүү боюнча бардык документтерди ыкчам даярдоого тапшырма берди.

Андан кийин министр Казарман айылындагы "Жаңылмырза" мектепке чейин билим берүу уюмунда болду. Бул балдар бакчасы 110 балага ылайыкталган типтүү мекеме болуп эсептелинет. 2022-жылы АРИС уюуму бала бакчаны капиталдык оңдоо иштери үчүн 16 млн 996 сомдук каражат бөлүп, 2023-жылы 24-майда бала бакча кайрадан ачылып, ишин баштаган.

Ошондой эле министр Тогуз-Торо районундагы Арал айылында жайгашкан №3 Б. Урстомбеков атындагы мектепте салынып жаткан мектептин спорттук залы жана жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий