• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде вакциналарды сактоочу кампа ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда вакцина сактоочу кампа ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакцина сактоочу жайдын курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында ишке ашты.

Вакцина кампасы абаны эффективдүү желдетүү системасы, жылытуу батареялары жана суу жылыткыч менен жабдылган. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы жана коопсуздук - өрт өчүрүү системасы орнотулду.

Кампанын жаңы имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле “муздак чынжыр” талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Жаңы кампанын курулушу менен саламаттык сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды.

Министрликтен белгилешкендей, кампанын ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Министр өз сөзүндө жугуштуу оорулардын алдын алууда коомдук саламаттык сактоо кызматын күчөтүү маанилүү экенин жана муну COVID-19 пандемиясы көрсөткөнүн белгиледи. «Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн акыркы жылдары керектүү лабораториялык жабдуулар сатылып алынып, 10 ПЦР лабораториясы курулуп ишке киргизилди, санитардык автоунаалар өткөрүлүп берилди. Бул өнүгүүнүн жөн эле кадамдары эмес, өлкөбүздү инфекциялык коркунучтардан ишенимдүү коргоо жана жарандарыбыздын ден соолугун сактоо боюнча негизги чаралар», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ушундай эле курулуш иштери Токтогул, Ала-Бука, Жалал-Абад шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, Ош облусунун Араван айылында, ошондой эле Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө бүткөрүлдү. Кербен айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдүн кампасынын курулушу аяктоо алдында турат.

Долбоордун максаты – Кыргызстандын өкмөтүнө тиешелүү алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий