• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто бир эле учурда төрт эс алуу жайдын курулушу жүрүп жатат – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23./Каба/. Ош шаарында А. Навои эс алууу жайы менен “Ферас” бассейнинин ортосундагы тилкеге эс алуу багынын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) өкүлдөрү, куруучулар, жеке компаниялар менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Ош шаарында ишке ашырылып жаткан 4 долбоордун курулушу менен жеринде таанышты.

Калаа башчысы ар бир долбоор мөөнөтүндө бүткөрүлсүн деген талабын коюп, курулуштун сапаты жеке көзөмөлүндө боло тургандыгын белгиледи.

Айта кетсек, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча учурда төрт долбоордун алкагында төмөнкү жумуштар аткарылууда:

- Борбордук аянтта оргума менен эс алуу жайын куруу;

- Т.Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды толугу менен оңдоп-түзөө;

- Ак-Буура дарыясынын Тилеке Баатыр көчөсү тарабындагы (Нурматов көчөсүнөн баштап А.Навои көчөсүнө чейин) жээгин бекемдөө;

- А.Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу жайын куруу (Ферас бассейнинен баштап А. Навои паркына чейин).

Аталган долбоорлор 2024-жылдын II-кварталдында толугу менен аягына чыгып, шаардыктарга пайдаланууга берүү каралган.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасына 6 млн долларгранттык негизде долбоорлорду ишке ашырууга бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий