• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте банктын филиалын тоноп кетишти, шектүүлөр изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Бишкектеги Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан банктын филиалы белгисиз адамдар тарабынан тонолгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, бүгүн эртең мененки саат 9:17лер чамасында Октябрь райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) “102” кызматынан тоноо тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине шаардык милициянын үчүнчү бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу, Октябрь райондук милиция башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилери жөнөгөн.

Жеринде белгилүү болгондой, эки белгисиз адам банкка кирип, күзөтчүгө карата күч колдонуу менен акчаларды алып, белгисиз тарапка качып жөнөшкөн. Учурда каражаттын суммасы такталууда.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды тактоо боюнча баардык тиешелүү издөө жана тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий